Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз он жетинчи сессиясы
2026-жылдын 26-июну № 40
Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бекитилген бюджетиндеги каражатты беренеден-беренеге которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши айылдык кеңешитин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бекитилген бюджетинеги каражатты тиркемеге ылайык башка беренеден тиешелүү беренеге которууга макулдук берилсин.
2. Беренеден-беренеге которулган каражатты өз масатында пайдалануу, токтомдун аткарылышын камсыздоо, айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом тиркемеси менен Орозбеков айыл өкмөтүнүн orozbekov.gov.kg расмий веб- сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Каримов