Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз он жетинчи сессиясы
2026-жылдын 26-июну № 38
ПРООНдун “Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арага чектеш аймактарындагы жамааттардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана туруктуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүү” добоорун айыл аймакта ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши айылдык кеңешитин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. ПРООНдун “Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арага чектеш аймактарындагы жамааттардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана туруктуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүү” добоорунун алкагында таштанды таштоочу чакаларды(урна) сатып алууга өздүк салым катары айыл өкмөттүн 2026-жылдагы бекитилген бюджетинин биринчи жарым жылдыкта үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен 150 000(бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү акча каражатты бөлүп берүү жана токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Каримов