Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
XV сессиясынын
2025-жылдын 4-декабрындагы №74
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9 (тогуз) айына карата иш-аракеттер планынын аткарылган иштери боюнча отчетун угуу жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 2025-жылдын 9 айына карата иш-аракеттер планынын аткарылган иштери боюнча отчетун угуп, Атай айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын корутундууларынын жана Атай айылдык кеңешинин регламентинин 2.2-пункттунун 2-5-11-подпункттуна ылайык, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 2025-жылдын 9 (тогуз) айына карата иш-аракеттер планынын аткарылган иштери боюнча отчету канааттандырылсын.
2. Атай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген бюджетинин 9 (тогуз) айга карата киреше бөлүгү 21092,6 (жыйырма бир миллион токсон эки миң алты жүз) сомго, жана чыгаша бөлүгү 21551,1 (жыйырма бир миллион беш жүз элүү бир миң бир жүз) сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. “Атай” муниципалдык ишканасынын 2024-2025-жылдагы аткарган иштеринин отчету кеч берилгендигине байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысынын 12 (он эки) айлык отчетунда кайрадан толугу менен каралсын.
4. Арал айылынын Т.Жээналиев атындагы көчөсүнө салынган тротуардын жээгине арык салуу боюнча иштер жазалсын.
5. Атай айыл аймагынын тургундары менен тазалык боюнча келишим түзүү жагы колго алынсын.
6. Эски “Нива”комбайндын 50 000 (элүү миң) сом аренда акысы банкка төгүлгөндүгү боюнча чеги 12 (он эки) айлык маалымата көрсөтүлсүн жана калган акчасын мурунку айыл өкмөт башчысы Р.Секелеңовдон өндүрүп алып, төктүртүү боюнча иш алып баруу жагы “Атай” МИнын башчысы С.Каттообековко милдеттендирилсин.
7. Атай айыл аймагынын тургундарынын 2025-жылга жайыт акысын төлөтүү боюнча иш алып барылсын.
8. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
9. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке тапшырылсын.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|