Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги
XV сессиясынын
2025-жылдын 4-декабрындагы №75
Финансы каражаттарын жылыштыруу жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Бактыбек уулу Тойчубектин 2025-жылдын бюджетинин аппаратынын чыгаша бөлүгүнүн 3111-беренесинен 600 000 (алты жүз миң) сомду аппараттын 2215-беренесинен которуп берүү жана теңдөөчү гранттан 881,1 (сегиз жүз сексен бир миң бир жүз) сомду аппараттын 2221-элементине 713,8 (жети жүз он үч миң сегиз жүз) сом, 2215-элементине 167,3 (бир жүз алтымыш жети миң үч жүз) сомду которуп берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги чакырылган XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга стим грантка сунушталып жаткан проектилердин смета жана керектүү документтерин бүткөрүү максатында аппараттын 3111 -беренесинен 600 000 (алты жүз миң) сом аппараттын 2215-беренесине которулуп берилсин
2. Арал айылындагы Б.Аалиева көчөсүнө салынып жаткан көпүрөнү салууга мектептин 2215-беренесинен 150 000 (жүз элүү миң) сом, 2221-беренесинен 160 000 (жүз алтымыш миң) сом, бала бакчанын 2222-беренесинен 92 000 (токсон эки миң) сом жалпы 402 000 (төрт жүз эки миң) сом аппараттын 2215-беренесине которулуп берилсин.
3. Актан бала бакчасынын жылытуу системасын ремонттоого бала бакчанын 2215-беренесинен 189 600 (жүз сексен тогуз миң алты жүз) сом 3112-беренесине которулуп берилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн теңдөөчү грантынан жалпы 881,1 (сегиз жүз сексен бир миң бир жүз) сомду айыл өкмөтүндөгү ички көчөлөргө шагыл төгүү үчүн аппараттын 2221-элементине 713,8 (жети жүз он үч миң сегиз жүз) сом, 2215-элементине 167,3 (бир жүз алтымыш жети миң үч жүз) которулуп берилсин.
5. Финансы каражаттарын бир беренеден экинчи беренеге жылдыруу жагы ФЭБ башчысы Т.Бактыбек уулуна милдеттендирилсин.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана айылдык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу
|