Редакцияот 04.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги

XV сессиясынын

 

2025-жылдын 4-декабрындагы №76

 

Республикалык бюджеттен которулуп жаткан транспорт салыгы менен үлүш жерлердин салыгын жергиликтүү бюджеттин максаттуу трансферттер түрүнө которуу жөнүндө

 

 Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 04.12.2025-жылдагы “Транспорт жана үлүш жерлердин салыктары 2025-2030-жылга чейин республикалык бюджеттен которулуп жаткандыгына байланыштуу, 2025-жылдын планына бекитилип калган 1217,0 (бир миллион эки жүз он жети миң) сомду жергиликтүү бюджеттин максаттуу трансферттер түрүнө которуп коюп берүү боюнча” №01-12/4884 сандуу чыгыш катын угуп, Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин регламентинин 2.1-пунктуна ылайык талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги чакырылган XV сессиясы

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Атай айыл өкмөтүнүн планында бекитилген транспорт салыктын 11312100-беренесинен 437,0 (төрт жүз отуз жети миң) сом, айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы 113221200-беренесинен 780,0 (жети жүз сексен миң) сом, жалпы 1217,0 (бир миллион эки жүз он жети миң) сом пландан алынсын.

 

2. Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер түрүндө түшкөн акча каражатын аппараттын 2215-беренесине 146,6 (бир жүз кырк алты миң алты жүз) сом, 3112-беренесине 190,0 (жүз токсон миң) сом, клубдун 3112-беренесине 97,0 (токсон жети миң) сом, мектептин 3112-беренесине 393,8 (үч жүз токсон үч миң сегиз жүз) сом, бала бакчанын 3112-беренесине 390,0 (үч жүз токсон миң) сом, жалпы 1217,0 (бир миллион эки жүз он жети миң) сом чыгаша бөлүгүнүн планына коюлуп берилсин.

 

3. Финансы каражаттарын бир беренеден экинчи беренеге жылдыруу жагы ФЭБ башчысы Т.Бактыбек уулуна милдеттендирилсин.

 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана айылдык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Атай айылдык кеңешинин төрагасы

 

С. Өскөнбай уулу