Загрузка документа…
АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-июлу № 62
393чу маршруттук каттамынын жүргүнчү ташуу жол кирелер
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы №154 «Автомобиль транспорту жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жана №393 маршруттук каттамынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатында, ошондой эле күйүүчү майдын, автоунаалардын запастык бөлүктөрүнүн, техникалык тейлөөнүн жана эксплуатациялык чыгымдардын жогорулашына байланыштуу жүргүнчү ташуу тарифин карап талкуулап, Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 393чу маршруттук каттамынын жүргүнчү ташуу жол киреси:
1. Абдыкерим Сыдыков айыл аймагынан Бишкек шаарына 15(он беш сомго көтөрүлсүн.
2. Айыл ичиндеги жол кире 5(беш) сомго көтөрүлсүн
2. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине каттоодон өткөрүлсүн жана Массалык маалымат каражаттарында же сайтка жарыялансын
2026-жылдын 23-июлунда https://gagsmsu.kg/2026/07/23/%d1%87%d2%af%d0%b9-%d0%be%d0%b1%d0%bb%d1%83%d1%81%d1%83%d0%bd%d1%83%d0%bd-%d0%b0%d0%bb%d0%b0%d0%bc%d2%af%d0%b4%d2%af%d0%bd-%d1%80%d0%b0%d0%b9%d0%be%d0%bd%d1%83%d0%bd%d0%b0-%d0%ba%d0%b0%d1%80%d0%b0-3/ расмий сайтында жарыяланды
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин бюджет боюнча ишкердикти каржылоо жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин төрагасы |
Г. А. Рабиев |