Редакцияот 26.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 5-сессиясынын кезексиз отуруму

 

 

2021-жылдын 26-августундагы № 2

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетине өзгортүү киргизүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Мамажакыповдун жана ФЭБ башчысы Э.Сабыржановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарынын 5-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Мамажакыповдун жана ФЭБ башчысы Э.Сабыржановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуштарына ылайык Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин бала бакчалардын 2218 беренесинен 500,0 сом Дароот-Коргон айылына балдар ойноочу аянтча куруу үчүн тактап айтканда жер жана турак жайдын 2222 беренесине которулсун.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

Г.Мадалиев