ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 6-сессиясынын
кезексиз отуруму
2021-жылдын 23-сентябрындагы № 1
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айыл тургундарынын талаптарын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айыл тургундарынын Чоң-Алай районунун аймагынан өтүүчү газ түтүгүнөн тактап айтканда “Транс-Кыргыз-Газ Пайплайн Компания Лимитед ЖЧК” тарабынан крулуучу газ түтүгүнөн жергиликтүү калкка газ берүү талабын Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 6-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айылдык аймагынын жергиликтүү калктын талаптарына ылайык “Транс-Кыргыз-Газ Пайплайн Компания Лимитед ЖЧК” тарабынан курулуучу газ түтүгүнөн Чоң-Алай айылдык аймагына караштуу жергиликтүү калкка күнүмдүк керектелүүчү газ берүү суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Мадалиев |