КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
2021-жылдын 10- декабрындагы № 8/1
Ак-Жар айылындагы Ак-Жар орто мектебине ат коюу жөнүндө
Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Ак-Жар айыл башчысы М.Дүйшөналиев, мектеп курууда зор салымын кошкон Бейшембек Иманалиевдин кыскача өмүр баяны, эмгек жолу менен тааныштырып, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылындагы Ак-Жар орто мектебинин атын которуу боюнча жалпы элдин сунуштарын колдоп, Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары Турумов Канат, Тентиева Жаңыл, Теңиз уулу Адилет, Актанова Айгүлдөрдүн сунушу менен Ак-Жар орто мектебин“Бейшембек Иманалиев” атындагы орто мектеби ысымы берилсин.
2. Ак-Жар орто мектебинин атын “Бейшембек Иманалиев” атындагы орто мектеби деп жазылып, өздүк мөөрүн алуу, тактаны илдирип орнотуу жагы Көчөкбаев Жумгалбеке тапшырылсын.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан, Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айыл башчы М.Дүйшөналиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Чолпонкулов |