Редакцияот 10.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы

 

 

2021-жылдын 10- декабрындагы № 8/2

Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө

Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айылдын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттары А.Актанова, К.Турумов,Туйгунбек уулу Элдияр, А.Карабалаева, Н.Керимова,Муратбек уулу Атай,Ү.Мамбеталиева, Рахматаалы уулу Турсунбектердин сунуштарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамына төмөндөгү атуулдар көрсөтүлсүн.

 

Бугучу-Бирлик айылдары боюнча: Конуралиев Рахат, Ибраева Гүлай.

 

Кум-Дөбө айылы боюнча: Исираилов Дүйшөнбек,Бейшеналиев Рыспай, Чолпонкулов Молдокадыр.

 

Ак-Жар айылы боюнча: Токтосунов Чолпонбек, Баатаев Алакун.

 

Шамшы айылы боюнча: Сабирдинов Ажымүдүн, Кароолова, Бүбүбатма

Аттокурова Айымкан.

 

2. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине сунушталып көрсөтүлгөн “Ардактуу атуулу” наамын берүүдө кеткен чыгымдарды таап берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Абдырасаковага милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага

М.Чолпонкулов