Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-июлундагы № 86
Төрт-Гүл айылдык аймагынын Петровка айылынын ички жолдорун оңдоо жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Ж.А., Петровка айылынын ички жолдорун оңдоо боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле 2026-жылдын 5-июнундагы №1 Петровка айылынын оңдоого муктаж болгон ички жолдорун (грейдерлөө, шагыл төшөө жана каток менен тыгыздоо) аныктоо боюнча көчмө комиссиянын протоколунун негизинде, Төрт-Гүл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсүлдөев Ж.А. Петровка айылынын төмөнкү көчөлөрүн оңдоо (грейдерлөө, шагыл төшөө жана каток менен тыгыздоо) иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү сметалык документтерди даярдасын: Гагарин көчөсү, Фрунзе көчөсү, Комсомол көчөсү, Жеңиш көчөсү, Озерная көчөсү, Шевченко көчөсү, 27-Партсъезд көчөсү, Водоемная көчөсү.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Коёшов Кудайберди Бектургановичке жүктөлсүн.
Төрага | Ж.К. Маматкеримов |