Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-июлундагы № 90
«2026-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча атайын эсептин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан 2026-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча атайын эсептин киреше бөлүгү такталгандыгына байланыштуу, ошондой эле социалдык-экономикалык бөлүмдүн башчысы Кадыркулова М.Кнын маалыматын угуп жана талкуулап, эки бала бакча боюнча атайын эсептин киреше жана чыгаша бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, Төрт-Гүл айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Атайын эсептин киреше бөлүгү төмөнкүдөй көбөйтүлсүн:
14232400 – мектепке чейинки жана мектептик билим берүү мекемелери тарабынан көрсөтүлгөн кошумча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр – 1 326,6 миң сомго.
2. Атайын эсептин чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй көбөйтүлсүн:
70911 (Мектепке чейинки билим берүү), 2218-берене, 22181100-элемент – 1 326,6 миң сомго.
Төрага | Ж.К. Маматкеримов |