Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-июлундагы № 91
«Аруузат Петровка» бала бакчасында тамактануу нормасын бекитүү жөнүндө
Бюджет, финансы, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт, тышкы экономикалык байланыштар жана ишкердик ишмердүүлүк боюнча комиссиянын төрайымы З.Т. Валиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле 2024-жылдын 10-октябрындагы №1 протоколдун негизинде «Аруузат Петровка» бала бакчасынын ата-энелер жыйынынын чечимин эске алуу менен, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Аруузат Петровка» бала бакчасында бир баланын тамактануусу үчүн төлөм төмөнкү өлчөмдө бекитилсин: бир күнгө — 90 сом, бир айга — 1980 сом.
2. Тамак аш акысын төлөөдөн бошотуу жүйөлүү себеп боюнча гана (оорулуу, маалымат кат менен) каралат.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо бюджет, финансы, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт, тышкы экономикалык байланыштар жана ишкердик ишмердүүлүк боюнча комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ж.К. Маматкеримов |