Редакцияот 14.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чалма айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

 

2021-жылдын 14-сентябры № 4/1

 

Чалма айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2021-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун отчету

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Чалма айыл өкмөтүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2021-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун отчетун угуп жана талкуулап, Чалма айылдык Кенеши

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Чалма айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2021-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовдун отчету канааттандыраарлык деп табылсын.

2. Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алишовго:

- айыл өкмөтүнүн аймагын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык жана социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу;

- айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алуу;

- жамааттык топтор, өз ара жардамдашуу топтору, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен терең байланышта иш алып баруу;

- калкты таза суу. сугат суу менен камсыз кылуу, жайыттарды жөнгө салуу жана сарамжалдуу пайдалануу:

- муниципалдык. социалдык обьектилердин өз денгээлинде күтүлүшүнө көнүл буруу

- калктын аярлуу катмары аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жардамдашуу маселелерин жөнгө салу;

- ички жолдорду, көпүрөлөрдү тартипке келтируу сыяктуу маселелерди колго алуу жактары эске салынсын;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кенешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Чалма айылдык Кенешинин төрагасы:

А.Кадыркулов