Редакцияот 14.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Чалма айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

 

2021-жылдын 14-сентябры № 4/2

 

Чалма айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин 6 айында жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө

Жергиликтуу өз алдынчы башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына жана 33-беренесинин 3-пунктуна ылайык Чалма айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин 6 айында жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы: А.Козуевдин маалыматын угуп жана талкуулап,Чалма айылдык Кеңеши

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Чалма айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин 6 айында жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Козуевдин берген маалыматы көнүлгө алынсын жана 2021-жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөтү тарабынан мыйзам бузууларга жол берилбей туура, так аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Чалма айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Козуевге;

- айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын:

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык Кеңешинин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чалма айылдык Кенешинин төрагасы:

А.Кадыркулов