ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Чалма айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 14-сентябры № 4/3
Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Кемпир айылынын тургуну У. Жаанбаевдин арызынын негизинде Беш-Кемпир айылынын Үч-Көл участкасынын Үч-Көл көлүнүн айланасына “Эс алуучу жай” куруу жөнүндө
Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Кемпир айылынын тургуну У. Жаанбаевдин арызынын негизинде Беш-Кемпир айылынын Үч-Көл участкасынын Үч-Көл көлүнүн айланасына "Эс алуучу жай” куруу үчүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен ижарага 60 сотых жер участтогун бөлүп берүү боюнча чечимин угуп жана талкуулап Чалма айылдык Кеӊеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Кемпир айылынын тургуну У. Жаанбаевдин арызынын негизинде Беш-Кемпир айылынын Үч-Көл участкасынын Үч-Көл көлүнүн айланасына "Эс алуучу жай” куруу үчүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен ижарага 60 сотых жер участтогун бөлүп берүү боюнча чечими колдоого алынуу менен бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Табалдыевге тапшырылсын.
Чалма айылдык Кенешинин төрагасы: | А.Кадыркулов |