ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кенешинин кезексиз XVIII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2021-жылдын 29-октябрындагы № 1
Карыз болуп эсептелинген 3461.0 миӊ.сом акча каражатын Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын эсептик счетуна которуу жѳнүндѳ жана Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн 2021-жыл үчүн бюджетинин чыгаша бѳлүгүнѳ ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин Кара-Суу башкармалыгынын 2021-жылдын 22-июнундагы № 02-27/82 катынын,Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 2021-жылдын 18-августундагы № 025/21/08-3/11811катынын,Кара-Суу райондук соттук аткаруучулар кызмат бѳлүмүнүн 2021-жылдын 29-октябрындагы токтомунун,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын 31-беренесинин жана Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Карыз болуп эсептелинген 3461.0 миӊ.сом акча каражаты Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн эсептик счетунан Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын эсептик счетуна которулсун.
Кыскартылсын;
Аппараттан-70111
3111 -1000,0
ЖКХадан-70629
2221 -575,0
3111 -514,0
3112 -540,0
2215 -74,0
Билим берүүдѳн- 70921
3111 -628,0
Прочие иш чараларынан-70825
2215 -130,0
Жыйынтыгы; -3461,0
Кошулсун;
Аппаратка,
2823 +3461
2. Азыркы учурда Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн 14511100 тѳлѳѳ кодунда турган Алакан-Строй ишканасынан ѳндүрүлгѳн 992,0 миң.сом акча каражатын Отуз-Адыр айылынын ички жолдорун асфальттоо иш-чарасы жүрүп,бүгүнкү күндѳ айыл ѳкмѳтү подрядчикке 1400,0 миң.сомго кредитор болуп болуп калгандыктан 992,0 миң.сомду айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин 70629 бѳлүмүнүн 3111 статьясына коюга уруксат берүү Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Кара-Суу башкармалыгынан суралсын.
3. Тогуз айдын жыйынтыгында ашыкча аткарылыш болуп эсептелген 500,0 миң.сом акча каражатын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин 70629 бѳлүмүнѳ 100,0 миң.сом,70921 бѳлүмүнѳ 400,0 миң.сом ѳлчѳмүндѳ коюга уруксат берүү Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Кара-Суу башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Кадыровго милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык Кеӊештин экономика,финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин тѳрагасы | Н.Калматов |