КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Капчыгай айылдык Кенешинин (VII –шайланган) кезектеги экинчи сессиясы
2021-жылдын 22-майындагы № 2.1
Депутаттардын Капчыгай айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларын жана алардын иш пландарын бекитүү жөнүндө
Капчыгай айылдык Кеңешинин төрагасы С.Калыбаевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Капчыгай айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары жана алардын иш пландары бекитилсин (1-2-3-4-тиркемелер тиркелет)
2. Бекитилген иш пландарды жетекчиликке алуу, анын аткарылышын камсыз кылуу жагы Капчыгай айылдык округдук Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларына жана айыл өкмөттүн аппарат кызмачыларына тапшырылсын.
Капчыгай айылдык Кеңешинин Төрагасы | С.Калыбаев |
| Капчыгай айылдык Кеңешинин 22.05.2021-жылдагы № 2/1 токтомуна 1-тиркеме |
Айылдык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2021-жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
1.Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына даярдык, каралуучу маселелер:
2. Айылдык Кеңештин депутаттарынын эл арасында жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчетторун угуу.
Ар бир кварталда : Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары.
3. Айыл аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан иштер, ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча «Коомдук алдын алуу борборунун», аймактык инспектордун, айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиялардын жана Аксакалдар сотунун, аялдар, жаштар кеңештеринин жер-жерлерде жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
2021-жылдын июль айы: - Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү, аймактык инспектор, коомдук кеңештер жана тиешелүү кызмат адамдары
4. Айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерин камсыз кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн жана билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө 2021-жылдын октябрь айы : Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары
5. Эмгек коллективдерде жана айыл өкмөтүнүн аппаратында эмгек тартибин чыңдоо жана укук бузуучуларга каршы жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө
2021-жылдын декабрь айы : Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү
6. Айыл аймагында жашаган калктын саламаттыгын сактоодо № 12 ҮБДТ жана ФАПтардын жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
2021-жылдын декабрь айы : Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары, №12 ҮБДТнун башчысы
Капчыгай айылдык кеңешинин катчысы | А.Бакашова |
| Капчыгай айылдык Кеңешинин 22.05.2021-жылдагы № 2/1 токтомуна 2-тиркеме |
Айылдык Кеңешинин “Агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча” туруктуу комиссиясынын 2021-жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
1. Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына даярдык, каралуучу маселелер:
Ар бир кварталда : Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары.
2. Айылдык Кеңештин депутаттарынын эл арасында жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчетторун угуу.
Ар бир кварталда : Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары.
Капчыгай айылдык кеңешинин катчысы | А.Бакашова |
| Капчыгай айылдык Кеңешинин 22.05.2021-жылдагы № 2/1 токтомуна 3-тиркеме |
Айылдык Кеңештин “Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча” туруктуу комиссиясынын 2021-жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
1. Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына даярдык, каралуучу маселелер:
2. Айылдык Кеңештин депутаттарынын эл арасында жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчетторун угуу.
Ар бир кварталда : Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары
3. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин 2021-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө
2021-жылдын июль айы : Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана ФЭБ башчысы
4. Сырткы жана ички инвестицияларды тартууда айыл элинин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда айыл өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
2021-жылдын октябрь айы: Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары
5. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин 2021-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө
2021-жылдын октябрь айы : Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана ФЭБ башчысы
6. Айыл өкмөтүнүн 2022-жылга түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
2021-жылдын декабрь айы : Туруктуу комиссиялар, ФЭБ башчысы
Капчыгай айылдык кеңешинин катчысы | А.Бакашова |
| Капчыгай айылдык Кеңешинин 22.05.2021-жылдагы № 2/1 токтомуна 4-тиркеме |
Айылдык Кеңештин “Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, энергетика жана кайра иштетүү боюнча” туруктуу комиссиясынын 2021-жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
1. Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына даярдык, каралуучу маселелер:
2. Айылдык Кеңештин депутаттарынын эл арасында жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчетторун угуу.
Ар бир кварталда : Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары.
3. Капчыгай айыл аймагынын калкын пенсия, пособия жана массалык маалымат менен тейлөөдө Капчыгай айылдык байланыш бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
2021-жылдын июль айы : Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары, айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысы.
4. Айыл аймакдагы айылдарда жашаган элди электр энергиясы менен тейлөөнүн жүрүшү жана дебитордук карыздардын төлөнүшүнүн абалы жөнүндө
2021-жылдын декабрь айы : Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү жана тиешелүү кызмат адамдары
Капчыгай айылдык кеңешинин катчысы | А.Бакашова |