КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Капчыгай айылдык Кенешинин (VII –шайланган) кезексиз төртүнчү сессиясы
2021-жылдын 3-ноябрындагы № 4.2
Капчыгай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Мөлтүр” бала бакчасына жер бөлүп берүү жөнүндө
Капчыгай айыл аймагынын Сары-Бээ айылында жайгашкан А.Бегитаев атындагы “Сары-Бээ” орто мектебинин чек арасынан “Мөлтүр” бала бакчасына жер бөлүп берүү жөнүндөгү жер жана турак жай боюнча жетектөөчү адис Э.Касымалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Капчыгай айыл аймагынын Сары-Бээ айылында жайгашкан А.Бегитаев атындагы “ Сары-Бээ” орто мектебинин жер аянтынан “Мөлтүр” бала бакчасына жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү жер жана турак жай боюнча жетектөөчү адис Э.Касымалиевдин билдирүүсүнө ылайык, А.Бегитаев атындагы “Сары-Бээ” орто мектебинин жалпы жер аянты 16835,00м.кв жеринен “Мөлтүр” бала бакчасына 2247,00 м.кв жер бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөттүн жер жана турак жай боюнча жетектөөчү адиси Э.Касымалиевге жүктөлсүн.
Капчыгай айылдык Кеңешинин Төрагасы | С.Калыбаев |