Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 25-ноябры № 106
Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы №71 “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги айрым мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы №71 “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги айрым мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 18-ноябрындагы №56 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы №71 “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги айрым мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 2-пунктчасы өзгөртүлүп, төмөнкүдөй мазмунда окулсун:
–Ош шаарынын Кең-Сай конушунда жайгашкан кубаттуулугу 110кВ электр подстанциясы үчүн муниципалдык менчиктеги 2500,0 чарчы метр жер тилкеси.
2. Ош шаарынын мэриясына, шааркуруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлеринин, Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги айрым мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени, Ош шаардык Кеңешинин сессиясынын кароосуна даярдоодогу жоопкерчиликсиз мамилесинен Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 10-сентябрындагы кабыл алынган №71 токтомуна өзгөртүү киргизүү зарыл болгондугу жана мындан ары мындай кемчиликтерге жол бербөө жагы эскертилсин.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |