Редакцияот 18.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Папан айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

 

 

2021-жылдын 18-июнундагы № 1

“Айыл өкмөт башчысын бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык Папан айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Папан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 18-июнундагы протоколдору бекитилсин.

2. Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Алимбеков Нурзаман Карыевич бекитилсин.

 

 

Папан айылдык Кенешинин төрагасы :

Тагаев Төрөгелди Төлөкбаевич