Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 25-ноябры № 107
Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги айрым мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ош шаарынын аймагындагы айрым муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 18-ноябрындагы №57 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Төмөнкү Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
–Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнүн №3 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 4406,78 чарчы метр жер тилке (мурдагы Ош шаарынын мэриясынын Ош шаардык спорттук жана медициналык калыбына келтирүү борбору жайгашкан жер тилке имараты менен);
–Ош шаарынын Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын Кең-Сай турак жай массивиндеги башкы планда турак жай үчүн каралган аймактан жалпы аянты 2,18 гектар жер аянты;
– Ош шаарынын Көкүм Бий көчөсүнүн №95А дарегинде жайгашкан 9595,0 чарчы жана 9763,30 чарчы метр жер тилкелери;
–SANY SY65W үлгүсүндөгү экскаватор унаа каражаты (заводдук номери: SYK11006CS4YW0332);
– Ош шаарынын Р.Моминова көчөсүнүн №152 дарегинде жайгашкан “Акылман” балдар бакчасынын жалпы аянты 3292,0 чарчы метр жер тилкеси (имараты менен);
–Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнүн №155 дарегинде жайгашкан №22 “Ак-Жолтой” балдар бакчасынын жалпы аянты 3800,0 чарчы метр жер тилкеси (имараты менен).
2. Ош шаарынын мэриясына (Ж.Токторбаев) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү мамлекеттик менчикке мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |