Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2026-жылдын 31-мартындагы «Суу Канал» муниципалдык ишканасынын ичүүчү жана саркынды сууга болгон тарифин көбөйтүү жөнүндө» №31/27-10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2026-жылдын июль айынын 7си №31/30-5
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2026-жылдын 25-майындагы №01-8/1598 кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №320 токтому менен бекитилген “Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо Тартибине”, Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу, ишмердикти колдоо боюнча” туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 22-июнундагы протоколуна ылайык, токтом кылат:
-“2026-жылдын 1-майдан баштап” деген сөздөр алып салынсын;
-“2026-жылдын 1-июлунан баштап” деген сөз менен толукталсын.
2-1.“Чолпон-Ата шаарынын суу түтүк жана канализация тармактарына
объекттерди кошууга техникалык шарттарды алууга тариф
төмөндөгүдөй бекитилсин:
-калк үчүн-3617,81 сом;
-башка колдонуучулар үчүн- 7167,91 сом”
Төрага Э.М.Молдобеков