Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Чолпон-Ата шаарында коомдук транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтер жөнүндө
2026-жылдын июль айынын 7си №31/30-8
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2026-жылдын 12-июнундагы №01-8/1817 кайрылуусунун негизинде, “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамына жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна, “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу, ишмердикти колдоо боюнча” туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 22-июнундагы протоколуна ылайык, токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаарындагы коомдук транспортто 1 (бир) жүргүнчүнүн жол акысынын тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:
-2-кичи район-3-кичи район-Чолпон-Ата-Бостери - 30 сом;
-Калктын жеӊилдикке муктаж катмары болуп эсептелген жарандарга пенсинерлерге, майыптарга (күбөлүгүнүн негизинде), мектеп окуучуларына-20 сом.
-7 жашка чейинки курактагы балдарга бекер.
1. Чолпон-Ата шаарындагы коомдук транспорту ар күн сайын саат 07:00- 19:00го чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн.
2. Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2022-жылдын 26-сентябрындагы №30/19-7 токтому жокко чыгарылсын.
Төрага Э.М.Молдобеков