Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2026-жылдын 04-марты № 121
2026-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга пландык мезгили жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, 2026-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга пландык мезгили жөнүндө Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары О.Т.Торобаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2026-жылдын 25-февралындагы №1 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин кирешелери 1 жана 1-1-тиркемелерине ылайык жана чыгашалары 2-тиркемеге ылайык 5 205 536,4 миң сом суммасында бекитилсин.
2. 2027-2028-жылдарга Ош шаарынын бюджетинин төмөнкүдөй пландык параметрлери 3,4-тиркемелерге ылайык жактырылсын:
- кирешелер жана чыгашалар боюнча 2027-жылга 5 407 484,3 миң сом суммасында, 2028-жылга 5 600 922,9 миң сом суммасында;
- 2026-2028-жылдарга жактырылган шаардын бюджетинин пландык параметрлери аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда такталууга тийиш.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- 2026-жылга чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы. Мында биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча чыгашаларды (эмгек акы, Социалдык фондко төгүмдөр, медикаменттер, тамак-аш азыктарын алууга, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар) каржылоо жүргүзүлөт;
- каражаттарды чыгымдоо жана чыгаша беренелерин максаттуу пайдалануу жоопкерчилиги бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.
4. Бюджеттик мекемелерге жана ишканаларга атайын каражаттарды казыначылык тутумунан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын.
5. Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү ага тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин зарыл болгон учурда Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн.
6. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ош шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык мекеме-ишканаларга берилүүчү субсидиялардын көлөмү 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу билим берүү уюмдарындагы жана башка социалдык мекемелердеги балдардын жана карыялардын күнүмдүк тамактануусунда төмөндөгү ченемдер белгиленсин:
1) жалпы билим берүү уюмдарындагы 1-4-класстардын окуучулары үчүн - 20 сом;
2) кургак учук оорусуна каршы санатордук типтеги №40 “Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдар үчүн - 50 сом;
3) №11 “В.В. Терешкова” атындагы мектеп-интернатында жатып окуган окуучулар үчүн - 220 сом;
4) №12 атайын көмөкчү мектебинин окуучулары үчүн -220 сом;
5) “Алтын Уя”, “Лотос” балдар үйлөрүндөгү балдар үчүн - 220 сом;
6) “Боорукердик” үй-интернатындагы карыялар үчүн - 200 сом, балдар үчүн - 220 сом;
7) Ош шаардык бокс жана оор атлетика спорт мектебинин интернатындагы балдар үчүн - 220 сом.
8. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы № 142 токтому менен бекитилген "Ош шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарга социалдык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жѳнүндѳ" жобого ылайык Ош шаарынын мэринин ай сайын берилүүчү стипендиясынын суммасы бир жаранга бир айына 1250 сом өлчөмдө белгиленсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы №157 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкери жөнүндө жобого" ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгында иштеген социалдык кызматкерлер үчүн бир кызматкерге бир айына 10 000 сом өлчөмдө кошумча жеңилдиктер белгиленсин.
10. Ош шаардык Кеңешинин, Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын, Ош шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык мекеме-ишканалардын техникалык тейлөө жана кенже тейлөө персоналдарынын кызматтык маяналарына 2026-жылдын 1-январынан тартып ай сайын төлөнүүчү үстөк акылардын пайызы 6-тиркемеге ылайык белгиленсин.
11. “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын көрктөндүрүү боюнча мастердин, күнөскананын, питомниктин, парктын, гараждын башчыларынын, агроном технолог, экономист, эколог, агроном-мастер, ландшафтный-дизайнер, дизайнер-флорист, сатып алуулар боюнча адис, ирригациялык түйүндөр боюнча мастердин кызматтык маяналарына-6 000 сомдон, курулуш монтаждоо боюнча бригадир, жумушчу, сантехник, жыгач уста, ширетүүчү, электрик, слесарь-автоэлектрик, сугатчынын кызматтык маяналарына-10 000 сомдон, “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын электромонтер, авто-электрослесарь, электромонтер-диспетчер, приборлор боюнча адистинин кызматтык маяналарына-10 000 сомдон, “Ош шаарынын мэриясынын автоунааларды башкаруу кызматы” муниципалдык ишканасынын механигинин кызматтык маянасына-10 000 сомдон 2026-жылдын 1-январынан тартып ай сайын үстөк акы белгиленсин.
12. Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, Ош шаарынын мэриясынын финансы башкармалыгынын муниципалдык кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 пайыз өлчөмдө үстөк 2026-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин.
13. Ош шаарынын мэриясынын маданият жана жаштар башкармалыгынын, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктарынын муниципалдык кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 70 пайыз өлчөмдө үстөк 2026-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин.
14. “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын, “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын, ”Ош шаардык жарандарын тейлөө бюросу” муниципалдык ишканасынын, “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы” муниципалдык ишканасынын, “Ош шаарынын мэриясынын автоунааларды башкаруу кызматы” муниципалдык ишканасынын, “Ош шаарынын мэриясынын агрардык чарба” муниципалдык ишканасынын административдик башкаруу кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 70 пайыз өлчөмдө үстөк 2026-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин.
15. “Кармышак Ташбаев” атындагы Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын, “Боорукердик” үй-интернатынын кызматкерлеринин, Ош шаарынын мэриясынын маданият жана жаштар башкармалыгынын “Жаштар театрынын” бухгалтеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 000 сом үстөк 2026-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин.
16. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борбору” мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 000 сом, мындан сырткары төрт психолог жана 1 соцпедагог кызматкерлеринин чыгымдары үчүн 5000 сом үстөк 2026-жылдын 1-январынан белгиленсин.
17. Ош шаарынын спорттук медицинаны калыбына келтирүү борборунун, “Туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн түнкү башпаанек” муниципалдык мекемесинин, Ош шаарынын мэриясынын маданият жана жаштар башкармалыгынын (иш-чаралары) кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 6 000 сом үстөк 2026-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин.
18. “А.Суюмбаев атындагы Ош шаардык стадиону жана “Алай” футболдук клубу” муниципалдык ишканасынын административдик- техникалык кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 40 пайыз үстөк жана кароолчу, кызматтык жайларды тазалоочуларга 2300 сомдон, айдоочуга 4500 сом, жумушчуларга, электрик, сантехникке 12 000 сомдон үстөк 2026-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин.
19. Ош шаарынын мэриясынын айылдык аймактык жана муниципалдык аймактык башкармалыктардагы айыл башчылардын, кварталдык комитеттердин төрагаларынын кызматтык маянасына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 пайыз өлчөмдө үстөк 2026-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин.
20. Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларын каржылоого чыгашалар 7-тиркемеге ылайык бекитилсин.
21. 2026-жылга жана 2027-2028-жылдарга Ош шаары боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү 8-тиркемеге ылайык бекитилсин.
22. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен каржылануучу иш-чаралардын тизмеси 9-тиркемеге ылайык бекитилсин.
23. Салык жана салыктык эмес түшүүлөр боюнча бекитилген киреше бөлүктүн (ар бир түрү боюнча) толук көлөмдө аткарылышы үчүн Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана түштүк региону боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы”, “Ош унаа базары” муниципалдык ишканаларынын, “Ош шаарынын мэриясынын эвакуатор кызматы” муниципалдык ишканасынын, “Ош шаарынын мэриясынын агрардык чарба” муниципалдык ишканасынын жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
24.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
25.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
26.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.И.Шайиев) жүктөлсүн.
27.Токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып колдонулат.