Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-июлундагы № 271
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Союздук мамилелер жөнүндө келишимдин тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Союздук мамилелер жөнүндө келишим
Мындан ары Келишим түзүүчү Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы,
Келишим түзүүчү Тараптардын элдеринин ортосундагы достуктун жана ынак коңшулуктун, боордош мамилелердин терең салттарына негизденип,
1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы түбөлүктүү достук жөнүндө келишимди, 2017-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк, достукту, ынак коңшулукту жана ишенимди бекемдөө жөнүндө декларацияны жетекчиликке алып,
Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын, Хельсинки Корутунду актысынын, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун максаттарына жана принциптерине, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине берилгендигин ырастап, өз ара урматтоонун, ишенимдин, ынтымактын жана тең укуктуулуктун негизинде эки тараптуу көп пландуу кызматташтыкты бекемдөөгө өз ара умтулуп,
союздук мамилелерди белгилөө эки мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн, стабилдүүлүгүн, социалдык жана экономикалык прогрессин камсыз кылуу кызыкчылыгында күч-аракеттерди бириктирүүгө мүмкүндүк берерине жана Кыргызстан менен Өзбекстандын элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерине ишенип,
мамлекеттер аралык кызматташтыктын жетишилген жогорку деңгээлин белгилеп,
өз мамилелерине жаңы сапат берүүгө умтулуп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты.
1-берене
Саясий, экономикалык, социалдык, илимий, технологиялык, маданий жана гуманитардык мамилелер жаатындагы көп пландуу кызматташтыктын формаларын жана механизмдерин андан ары алга илгерилетүү, активдештирүү жана өркүндөтүү максатында Келишим түзүүчү Тараптар узак мөөнөттүү негизде союздук мамилелерди түзөт жана өнүктүрөт.
2-берене
Келишим түзүүчү Тараптардын ортосундагы союздук мамилелер мамлекеттердин эгемендүү теңдиги, эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү урматтоо, ички иштерге кийлигишпөө, күч колдонбоо же күч колдонуу менен коркутпоо, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү жана эл аралык милдеттенмелерди ак ниет аткаруу принциптерине негизделет.
3-берене
Келишим түзүүчү Тараптар өздөрүнүн улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык чакырыктардын жана коркунучтардын жаңы жана салттуу түрлөрүнө, анын ичинде эл аралык терроризмге, экстремизмге, уюшкан кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга, адам сатууга, курал жана баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө, киберкылмыштуулукка, климаттык чакырыктарга, суу жана энергетикалык ресурстардын тартыштыгына, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга каршы аракеттенүүдө кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн күч-аракеттерин консолидациялайт.
4-берене
Келишим түзүүчү Тараптар өз ара кызыкчылыкты билдирген маселелер, ошондой эле зарыл болгон учурда тийиштүү консультацияларды өткөрүү менен универсалдык жана региондук эл аралык уюмдардын, Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушууларынын, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин катышуусундагы кызматташтыктын башка көп тараптуу форматтарынын алкагында негизги эл аралык региондук маселелер боюнча үзгүлтүксүз координациялоону жана ыкмаларды макулдашууну жүзөгө ашырат.
Келишим түзүүчү Тараптар өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарына каршы келбеген жана Борбордук Азия мамлекеттеринин жалпы кызыкчылыктарын илгерилетүүгө, анын ичинде региондук коопсуздукту бекемдөөгө, туруктуу өнүгүүгө, транспорттук өз ара байланышка, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзүүчү макулдашылган позицияларды иштеп чыгууга жана демилгелерди өз ара колдоого умтулат.
5-берене
Келишим түзүүчү Тараптар өздөрү катышуучу болуп саналган эки тараптуу эл аралык келишимдерге ылайык тышкы саясат, коргоо жана коопсуздук чөйрөлөрүндө тыгыз өз ара аракеттенет.
Өз ара кызыкчылыкты билдирген маселелер боюнча позицияларды натыйжалуу координациялоо максатында Келишим түзүүчү Тараптар биринчи кезекте жогорку жана бийик деңгээлдерде, анын ичинде эки мамлекеттин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жана тышкы иштер министрлеринин катышуусундагы үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү механизмин колдонот жана өркүндөтөт.
Келишим түзүүчү Тараптар коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо максатында аскердик-техникалык чөйрөдөгү кызматташтыкты бекемдейт.
6-берене
Келишим түзүүчү Тараптардын биринин пикири боюнча үчүнчү мамлекеттер тарабынан куралдуу кол салуу коркунучун жараткан жагдай келип чыккан учурда Келишим түзүүчү Тараптар аны тынчтык жолу менен жөнгө салууга өбөлгө түзүүчү чараларды көрүү максатында эки тараптуу негизде да, өздөрү катышуучу болуп саналган эл аралык уюмдардын алкагында да бири-бири менен тиешелүү консультацияларды токтоосуз өткөрөт.
7-берене
Келишим түзүүчү Тараптар кандайдыр бир блокторго же союздарга катышпоого, ошондой эле башка Келишим түзүүчү Тарапка каршы багытталган кандайдыр бир аракеттерге катышуудан же аларды колдоодон баш тартуу милдеттенмесин ырастайт.
Келишим түзүүчү Тараптардын эч бири да өзүнүн аймагын, ресурстарын, коммуникация системаларын жана башка инфраструктурасын бири-бирине каршы агрессияны, куралдуу же башка кастык аракеттерди даярдоо же жүзөгө ашыруу, ошондой эле экинчи Келишим түзүүчү Тараптын мамлекеттик эгемендигине, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө зыян келтирүү максатында пайдаланууга жол бербейт.
Келишим түзүүчү Тараптар эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдеринин негизинде региондук чыр-чатактарды тынчтык жолу менен/сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салууга көмөк көрсөтүү үчүн күч-аракеттерин жумшайт.
8-берене
Келишим түзүүчү Тараптар өздөрүнүн мамлекеттик чек араларын ишенимдүү кайтаруу үчүн зарыл чараларды көрөт жана ушул Келишимдин жоболоруна жана алар катышуучу болуп саналган башка эки тараптуу эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттик чек араларды кайтаруу жаатындагы өз ара аракеттенүүнү координациялайт.
9-берене
Келишим түзүүчү Тараптар тең укуктуулук, өз ара пайда жана Келишим түзүүчү Тараптардын ар биринин эгемен экономикалык кызыкчылыктарын урматтоо принциптеринин негизинде өз ара пайдалуу экономикалык кызматташууну тереңдетүү боюнча чараларды көрөт. Келишим түзүүчү Тараптар инвестициялык өнөктөштүктү илгерилетүүгө, эки тараптуу товар жүгүртүүнү кеңейтүүгө жана банктар аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
10-берене
Келишим түзүүчү Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү улуттук экономикалардын энергия натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында энергетика чөйрөсүндө, анын ичинде мунай-газ, электр энергетикасы тармактарында, энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында тең укуктуулуктун жана өз ара пайдалуу мамилелердин негизинде кызматташууну улантат.
Келишим түзүүчү Тараптар мунай-газ тармагындагы биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде мунайды кайра иштетүү объекттерди жана өткөргүч түтүктөр инфраструктурасын куруу жолу менен ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантат.
11-берене
Келишим түзүүчү Тараптар өздөрү катышуучу болуп саналган эки тараптуу эл аралык келишимдерге ылайык транзит эркиндигин жана эки мамлекеттин транзиттик потенциалын өнүктүрүүдө өз ара колдоону, ошондой эле башка Келишим түзүүчү Тараптын ташуучулары жана жүктөрү үчүн, анын ичинде колдонулуучу тарифтер, жыйымдар, бажы жана административдик жол-жоболор бөлүгүндө басмырлоосуз жетүү режимин камсыз кылат.
12-берене
Келишим түзүүчү Тараптар өздөрү катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык туруктуу өнүгүү, тең укуктуулук жана өз ара пайдалуулук принциптеринин негизинде суу жана суу-энергетика чөйрөлөрүндө кызматташууну жүзөгө ашырат.
13-берене
Келишим түзүүчү Тараптар экологиялык, анын ичинде трансчек аралык мүнөздөгү кырсыктарды алдын алуу, алардын кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтыкты бекемдеп, өздөрү катышуучу болуп саналган эки тараптуу жана көп тараптуу эл аралык келишимдерге ылайык аракеттенип, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда тыгыз өз ара аракеттенет.
14-берене
Келишим түзүүчү Тараптар өз аймактарында калктын жана аймактардын жашоо-тиричилигине коркунуч жараткан табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды алдын алууда жана жоюуда өз ара жардам көрсөтөт.
Келишим түзүүчү Тараптар трансчек аралык таасир тийгизиши мүмкүн болгон өнөр жай калдыктарын жайгаштыруу объекттерин, анын ичинде калдык сактоочу жайларды коопсуз жана этап-этабы менен калыбына келтирүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт, ошондой эле Келишим түзүүчү Тараптардын улуттук мыйзамдарына жана алар катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык маалымат алмашууну, алардын абалына мониторинг жүргүзүү жана авариялык кырдаалдарды алдын алуу боюнча өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
15-берене
Келишим түзүүчү Тараптар Тараптардын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, кооперацияны өнүктүрүүгө жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сатуу жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган агрардык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрөт.
Келишим түзүүчү Тараптар өз ара макулдашылган жерлерде жайыт ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле Келишим түзүүчү Тараптардын чек арага жакын аймактарындагы калктын кызыкчылыгында салттуу мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт.
16-берене
Келишим түзүүчү Тараптардын ар бири өздөрү катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык башка Келишим түзүүчү Тараптын жарандарына билим алууда, ишке орношууда, эмгек акы төлөөдө, башка социалдык кепилдиктерди берүүдө тең укуктарды кепилдейт.
17-берене
Келишим түзүүчү Тараптар эки өлкөнүн элинин руханий жана маданий жакындыгын сактоого, илим, билим берүү, медицина, спорт, маданият, маданий мурас, туризм, маалымат алмашуу чөйрөлөрүндөгү өз ара байланыштарды тереңдетүүгө ар тараптан көмөк көрсөтөт.
Келишим түзүүчү Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган этностук өзбектер жана Өзбекстан Республикасынын аймагында жашаган этностук кыргыздар үчүн алардын эне тилин, улуттук маданиятын, каада-салттарын жана үрп-адаттарын сактоо жана өнүктүрүү ишинде жагымдуу шарттарды түзөт.
Келишим түзүүчү Тараптар тарыхый жактан калыптанган байланыштардын жана чыгармачыл союздар менен бирикмелердин, маданият, адабият, илим, билим берүү жана искусство ишмерлеринин ортосундагы карым-катнаштардын негизинде жалпы маданий-гуманитардык мейкиндикти сактоо жана бекемдөө үчүн шарттарды камсыз кылат.
Келишим түзүүчү Тараптар туристтик потенциалды өнүктүрүү, туристтик инфраструктураны өркүндөтүү, өз ара сапарлардын шарттарын андан ары жөнөкөйлөтүү жана туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү боюнча чараларды көрөт.
18-берене
Келишим түзүүчү Тараптар мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоону, жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүүнү, Келишим түзүүчү Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык трансчек аралык маалымат алмашууну, ошондой эле кадрларды даярдоону жана калктын, биринчи кезекте жаштардын санариптик көндүмдөрүн жогорулатууну кошо алганда, санариптик технологиялар жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрөт.
19-берене
Келишим түзүүчү Тараптардын ар бири өз аймагында башка Келишим түзүүчү Тараптын юридикалык жана жеке жактарынын менчик укугун жана мүлкүн коргоого кепилдик берет.
20-берене
Келишим түзүүчү Тараптар эки мамлекеттин тең парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө көмөк көрсөтөт.
21-берене
Ушул Келишимдин максаттарын жана милдеттерин аткаруу үчүн Келишим түзүүчү Тараптар Мамлекеттер аралык Кеңешти түзөт.
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттер аралык Кеңеши жөнүндө жобо ушул Келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат (ушул Келишимге тиркеме).
22-берене
Ушул Келишим үчүнчү мамлекеттерге каршы багытталган эмес жана Келишим түзүүчү Тараптардын алар катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
23-берене
Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу талаш-тартыштар Келишим түзүүчү Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечилет.
24-берене
Келишим түзүүчү Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Келишимге анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул беренесинде каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
25-берене
Ушул Келишим ратификацияланууга тийиш жана Келишим түзүүчү Тараптар анын ратификацияланышы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган датадан тартып күчүнө кирет.
Ушул Келишим белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Келишим түзүүчү Тараптардын бири экинчи Келишим түзүүчү Тарапка анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөткөн датадан тартып он эки ай өткөнгө чейин күчүндө калат.
Чолпон-Ата шаарында 2026-жылдын «__» июлунда эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Келишимдин жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Келишим түзүүчү Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылат.
Кыргыз Республикасы үчүн
__________________________
|
Өзбекстан Республикасы үчүн
__________________________
|
|
| 2026-жылдын «___» ________ Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Союздук мамилелер жөнүндө келишимге тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын
Мамлекеттер аралык Кеңеши жөнүндө
жобо
2026-жылдын «__» июлунда түзүлгөн Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Союздук мамилелер жөнүндө келишимдин (мындан ары – Келишим) 21-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы (мындан ары – Тараптар) Мамлекеттер аралык Кеңешти (мындан ары – Мамлекеттер аралык Кеңеш) түзөт.
Мамлекеттер аралык Кеңеш Келишимдин максаттарынын жана милдеттеринин аткарылышын контролдоочу жогорку орган болуп саналат.
Мамлекеттер аралык Кеңешти мамлекет башчылары жетектейт.
Кеңештин жыйналыштарына Тараптардын өкмөттөрүнүн жана парламенттеринин башчылары жана мүчөлөрү, ошондой эле чакырылган адамдар (макулдашуу боюнча) катыша алат.
Мамлекеттер аралык Кеңеш зарылчылыкка жараша туруктуу же убактылуу негизде жумушчу топторду түзө алат.
Эгерде мамлекет башчылары башка чечим кабыл албаса, кезектеги жолугушуу аймагында өтүп жаткан мамлекеттин башчысы Мамлекеттер аралык Кеңештин төрагасы (мындан ары – Төрага) болуп саналат.
Мамлекеттер аралык Кеңеш өзүнүн жыйналыштарын жылына кеминде бир жолу Тараптардын ар биринин аймагында кезектешип өткөрөт.
Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн Тараптардын кайсынысынын болбосун демилгеси боюнча Мамлекеттер аралык Кеңештин кезексиз жыйналыштары чакырылышы мүмкүн.
Мамлекеттер аралык Кеңеш төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы союздук мамилелерди өнүктүрүүнүн эң маанилүү, принциптүү маселелерин карайт;
Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүүнүн бир кыйла маанилүү маселелерин карайт, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун стратегиялык багыттарын жана өз ара сооданы андан ары көбөйтүү боюнча чараларды аныктайт;
союздук мамилелерди өнүктүрүүнүн стратегиясын, негизги багыттарын жана келечегин аныктайт жана Келишимдин максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга багытталган чечимдерди кабыл алат;
эл аралык терроризмге, экстремизмге, уюшкан кылмыштуулукка, баңги зат бизнесине, мыйзамсыз миграцияга жана Тараптардын улуттук коопсуздугуна башка чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү саясатынын негизги багыттарын аныктайт;
негизги региондук жана глобалдык эл аралык проблемалар жана өз ара кызыкчылыкты коргогон маселелер боюнча позицияны аныктайт.
Мамлекеттер аралык Кеңештин чечимдери, суроо-талаптары жана сунуштамалары консенсустун негизинде кабыл алынат.
Мамлекеттер аралык Кеңеш өз ишинде эки Тарап тең катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, өзүнүн чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Тараптар Мамлекеттер аралык Кеңештин жыйналыштарына өзүнүн делегацияларынын катышуусуна байланышкан чыгымдарды өз алдынча төлөйт.
Кабыл алуучу мамлекет Мамлекеттер аралык Кеңештин жыйналышын өткөрүү үчүн зарыл болгон уюштуруучулук, маалыматтык жана материалдык-техникалык шарттарды түзөт.
Мамлекеттер аралык Кеңештин ишин координациялоо Тышкы иштер министрлеринин кеңешине (мындан ары – ТИМК) жүктөлөт.
ТИМК жөнүндө жобо Мамлекеттер аралык Кеңештин чечими менен бекитилет.
Кыргыз, өзбек жана орус тилдери Мамлекеттер аралык Кеңештин жумушчу тилдери болуп саналат.