Загрузка документа…
АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-майы № 56
Жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдарды белгилөөнүн тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025–жылдын 30-майындагы №301- токтомуна ылайык, жайыт жерлерин натыйжалуу башкарууну жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, административдик-аймактык реформага жана айылдык аймактардын жана шаарлардын деңгээлиндеги башкаруудагы өзгөрүүлөргө адаптациялоо максатында, Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин бюджет боюнча ишкердикти каржылоо жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын жана “Жакшылануу комбинаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.А. Адеевдин маалыматын угуп талкуулап Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңеши: токтом кылат:
1. 2026-жылга карата Абдыкерим Сыдыков айыл аймагынын “Жакшылануу Жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдарды белгилөөнүн тартибин 1-тирекмеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине каттоодон өткөрүлсүн жана Массалык маалымат каражаттарында же сайтка жарыялансын
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин бюджет боюнча ишкердикти каржылоо жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Абдыкерим Сыдыков айыл өкмөтүнүн башчысы Дозалиева А.Т жүктөлсүн.
Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин төрагасы |
| Г. А. Рабиев |