Загрузка документа…
АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-майы № 55
Абдыкерим Сыдыков айыл аймагынын “Жакшылануу комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 "Мамлекеттик органдар жана алардын карамагындагы мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин түзүү тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык, Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңеши: токтом кылат:
1. 2026-жылга карата Абдыкерим Сыдыков айыл аймагынын “Жакшылануу комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин 1-тирекмеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине каттоодон өткөрүлсүн жана Массалык маалымат каражаттарында же сайтка жарыялансын
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин бюджет боюнча ишкердикти каржылоо жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Абдыкерим Сыдыков айыл өкмөтүнүн башчысы Дозалиева А.Т жүктөлсүн.
Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин төрагасы |
| Г. А. Рабиев |