Загрузка документа…
АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-майы № 54
Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, жана Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-декабрындагы №5-2-29 токтому менен бекитилген регламентин жетекчиликке алуу менен токтом кылат:
1. Эсептөө комиссиясынын Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2026-жылдын 30-апрелиндеги №3-протоколу бекитилсин.
2. Рабиев Гайратшо Аскарович Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине каттоодон өткөрүлсүн жана Массалык маалымат каражаттарында же сайтка жарыялансын
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н. Т. Алымкулова |