Загрузка документа…
АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-марты № 51
Токтом долбоорлорду коомдук талкуудан өткөрүү жана жарыялоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин уюштуруу-укуктук маселелер, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү, турак жай коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин токтом долбоорлорун коомдук талкуудан өткөрүү үчүн https://koomtalkuu.gov.kg/ru жана кабыл алынган токтомдорду расмий жарыялоо үчүн расмий сайтына жарыялансын.
2. Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин токтом долбоорлорун коомдук талкуудан өткөрүү иштеп чыгуучу адам (орган) тарабынан жүргүзүлсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине каттоодон өткөрүлсүн жана Массалык маалымат каражаттарында же сайтка жарыялансын
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин Уюштуруу-укуктук маселелер, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү, турак жай коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиянына жүктөлсүн
Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин төрагасы |
| А. Дж. Киямидинов |