Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кербен шаардык кенешинин IX чакырылышынын
кезексиз он алтынчы сессиясы
2026-жылдын 8-июлундагы №16/1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы
« Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө »
№ 54 Жарлыгынын негизинде Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындаг « Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө » № 54 Жарлыгына негиз Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 3-июнунда өткөрүлгөн жыйындын протоколун жана Кербен шаарынын мэриясынын 11-июнундагы № 01-20/1406 катын Кербен шаардык кеңештин мыйзамдуулук, регламент, этика, социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 16 токтомун Кербен шаардык кеңеши карап жана талкуулап IX-чакырылышынын кезексиз он алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы
« Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө » № 54 Жарлыгынын негизинде Кербен шаарынын мэриясы түзүлгөн Жобону алымча кошумча менен бекитип берүүгө макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад
областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө
кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊешти мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төраагасы З.Баназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
Талант у. А |