Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кербен шаардык кенешинин IX чакырылышынын
кезексиз он алтынчы сессиясы
2026-жылдын 8-июлундагы №16/3
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын
башчысы Туманбаев Каныбек Тургунбековичке Кербен шаарынын
“ Ардактуу атуулу ” наамын берүү
Кербен шаардык кеңештин мыйзамдуулук, регламент, этика, социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 7-июлундагы № 16 токтомун Кербен шаардык кеңеши карап жана талкуулап IX-чакырылышынын кезексиз он алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кербен шаарынын тургуну Кербен шаарына социалдык экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келе жаткандыгын жана көп жылдык эмгектерин эске алып «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамы Туманбаев Каныбек Тургунбековичке берилсин:
2. Кербен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын тастыктоочу белгилери менен камсыз кылуу жагы Кербен шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу
комиссиянын төраагасы З.Баназаровго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: |
А.Базарбаев |