Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
Жергиликтүү кеӊеши
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 14- сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-январы № 14-2
“Жергиликтүү бюджетин өткөн жылдагы бош калдыктын эсебинен бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө”
Жергиликтүү бюджетин Өткөн жылдагы миң сом суммасындагы бош калдыктын эсебинен бюджеттин чыгаша бөлүгү 4542,3 миң сом суммасында көбөйтүү боюнча ФЭБнүн башчысы З.М.Аттоеванын сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджетин чыгашаларынын ичиндеги бөлүмдөрүндө - 2215-беренесинде турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү 1600,0 миң сом суммасында; -2511-беренесинде 700,0 миң сом суммасында; -3112-беренесинде 1277,1 миң сом суммасында;
2. Атайын эсеп боюнча бюджеттин киреше бөлүгүн 364,3 миң сомго көбөйтүү менен, тамак-аш азыктарын сатып алуу беренеси боюнча бала бакчалардагы бюджеттин чыгаша бөлүгү 2218-беренесинде 364,3 миң сомго көбөйтүлсүн
3. Аталган токтомду аткаруу жагы Ж.Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы З.М.Аттоевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссияга милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага: А.Кыштобаев