Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
Жергиликтүү кеӊеши
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 16- сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-марты № 16-2
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын айыл - чарба техникасынын кызмат акы төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Эсеналиевдин кайрылуусун карап, сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын айыл чарба техникаларынын жана таштанды чыгаруу кызмат акы төлөмдөрүнүн тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.(Тиркеме №1 тиркелет)
2. Техникадан жана таштанды чыгаруудан түшкөн акча каражаты Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын бюджетине кириштелсин.
3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчы М.Б.Алиевке жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев