Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
Жергиликтүү кеӊеши
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 16- сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-марты № 16-5
Жайыт акы төлөмүн бекитүү жөнүндө
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын Турак – жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар муниципалдык мекемесинин жайыт жерлери жана ветеринария боюнча адисинин билдирүүсүн угуп, карап, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1)Бодо малга бир башка - 100 сом
2)1 жаштык бодо малга бир башка -80 сом
3)Жылкы бир башка -100сом
4)Кой-эчкиге бир башка - 20 сом
5) Жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу:
-чөп чабык 1гектар үчүн-1500сом;
-жайыт жерине көп жылдык бак-дарак жана өсүмдүктөрдү отургузуу 1гектар үчүн-5000сом аталган жер аянтынын же жайыт адиси көргөзгөн жер аянтында жайыт кыртышын кайра калыбына келтирүүнү милдеттендирүү менен(КР ЖК- 80-беренеси);
-жайыт жерлерине жеңил конструкцияда мал кармоо үчүн бастырма, чөп сактоочу жай, малчынын үйү, мейманкана, тамактануучу жай, оюн-зоок аттракциондору, машина токтоочу жай катары пайдаланылган учурда жайыт акысы айыл-чарба багытында эмес салык катары төлөм жүргүзүү менен;
Төрага А.Ш.Кыштобаев