ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
Жергиликтүү кеӊеши
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 16- сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-марты № 16-6
Жусуп Абдрахманов айыл аймагында малды кайтаруунун баасын бекитип берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39 беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевдин маалыматын угуп, жергиликтүү эл менен өткөрүлгөн чогулуштагы сунушту эске алуу менен, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын Орто-Өрүктү айылынынан Ананьево айылына чейин мал башына акы төлөө төмөнкү тартипте бекитилсин:
-бодо мал -700(Биринчи айы, калган айлары 600сом);
-Жылкы -700сом
-кулундуу бээ-1000сом;
-кой-200 сом( тузу, жайыты ичинде)
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Б.Алиевге милдеттендирилсин. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, отун энергетика, туризм, курортту өнүктөрүү, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
3. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев