Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги
XVII сессиясынын
2026-жылдын 23-январындагы №1
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджети жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жеткирилген контролдук цифранын негизинде Атай айылдык кеӊешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясында каралып чыгып, 2026-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшү жөнүндөгү финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Бактыбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Атай айылдык Кеӊешинин (I чакырылышынын) кезектеги чакырылган XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Атай айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 30246,2 миӊ сом суммасында жана чыгашалар боюнча 30246,2 миӊ сом суммасында №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Атай айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028-жылга консолидацияланган бюджетинин болжолу №2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
2027-2028-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
2027-жылга 31592,2 миӊ сом суммасында
2028-жылга 33064,2 миӊ сом суммасында
3. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү №3 тиркемеге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү, трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4. Атай айыл өкмөтү 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга ылайык №4,5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Атай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2% 578,9 миӊ сом суммасында резервдик фонду бөлүп бекитилсин.
6. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу башкаруу тармагынын 2026-жылга карата муниципалдык кызматкерлер 9 (тогуз) штаттык бирдик түзүмү, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдар 3 (үч), Атай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы 1 (бир), экономист-статист ыйгарым укуктуу 1 (бир), контрактык негизде 4 (төрт) штаттык бирдик түзүмү, маданият тармагынын клуб кызматкерлеринин 6 (алты) штаттык түзүмү, китепкана кызматкерлеринин 5 (беш) штаттык түзүмү №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, соц. фонддуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча (электр энергия, көмүр, суу, телефон байланышы ж.б) жүргүзүлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген электр энергия боюнча лимиттин негизинде сарамжалдуу пайдалануу, ар ай сайын тиешелүү мекемелер менен эсептешүү иштери камсыз кылынсын.
9. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү №123 мыйзамынын 40-беренесинин 6-пунктунун негизинде айылдык кеӊештин төрагасына берүү компенсация өлчөмү айыл өкмөтүнүн башчысынын негизги эмгек акысынын бир күндүк өлчөмүнө жана сессиясынын өткөрүү көлөмүнө жараша эсептелип төлөнүп берилсин.
10. Айыл өкмөтүнө караштуу социалдык объектилерди сапаттуу жана толук каржылоо максатында «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси» жөнүндөгү мыйзамына ылайык жыл ичинде контролдук цифрадан ашыкча каржыланып кеткен чыгымдарга каржыланбай калган статьялардын эсебинен жылыштырууга, 2025-жылы төлөнбөй калган статьяларга 2026-жыл үчүн каралган бюджетинин эсебинен каржылоого уруксат берилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Өскөнбай уулу |