Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги
XVII сессиясынын
2026-жылдын 23-январындагы №2
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата түзүлгөн иш планын Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Кураналиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
токтом кылат:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата иш планы алымча-кошумчасы менен кабыл алынсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айылдык кеӊешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Өскөнбай уулу |