Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги
XVII сессиясынын
2026-жылдын 23-январындагы №5
Атай айыл аймагында “Атай” муниципалдык ишканасы тарабынан таштандыларды жыйноо жана чыгарып кетүү кызматтары үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-беренесинин 11-пункттуна ылайык, “Атай” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Каттообековдун “Сунуштама катын” угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагында “Атай” муниципалдык ишканасы тарабынан таштандыларды жыйноо жана чыгарып кетүү кызматтары үчүн төмөндөгү тарифтер бекитилсин:
- Атай айыл аймагынын тургундары үчүн – 150 (жүз элүү) сом;
- Атай айыл аймагындагы жеке соода түйүндөрү үчүн – 400 (төрт жүз) сом;
- Темир жол куруучу базалардын жана субьектилердин тиричилик калдыктары үчүн – 50 000 (элүү миң) сом.
2. “Атай” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Каттообековко бекитилген тарифтерди калкка жана кызмат алуучуларга маалымдоо, ошондой эле алардын аткарылышын камсыз кылуу милдети жүктөлсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана Атай айылдык кеӊешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Өскөнбай уулу |