Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги
XVII сессиясынын
2026-жылдын 23-январындагы №6
Атай айыл аймагынын Бирдик айылынын Беш-Дөбө участкасындагы №796 контурунан кыш өндүрүүчү завод куруу үчүн жана №803 контурунан кыш өндүрүүчү заводдун карьерин ачууга жер тилкелерин пайдалануу үчүн уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-беренесинин 15-пункттуна ылайык, Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 23.01.2026-жылдагы №01-12/198 сандуу катын жана « Макмал Голд Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун мүдүрү Р.Б. Асеиновдун 22.01.2026-жылдагы №28 сандуу чыгыш катын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын Бирдик айылындагы Беш-Дөбө участкасынын №796 контурунан 5,0 (беш) га жер тилкесин кыш өндүрүүчү завод куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Атай айыл аймагынын Бирдик айылындагы Беш-Дөбө участкасынан «Макмал Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген коомуна №803 контурунан, топурагы кыш өндүрүүгө жарактуу деп табылган 4,5 (төрт жарым) га жер тилкесин карьер ачууга жана №796 контурунан 5,0 (беш) га жер тилкесин кыш өндүрүүчү заводду куруу максатында, жалпы 9,5 (тогуз жарым) га жер тилкеси келишимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 10-бөлүмчөсүнө ылайык бөлүнүп берилсин.
3. Токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
4. Бөлүнүп берилген жер тилкелерин пайдаланууда экологиялык, санитардык жана курулуш нормаларынын талаптарын так сактоо жагы «Макмал Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун мүдүрү Р.Б. Асеиновко сунушталсын.
5. Жер тилкелерин бөлүп берүү, мыйзам талаптарына ылайык келишим түзүү, каттоодон өткөрүү жана тешелүү документтерин толуктоо жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча” туруктуу комиссиясына жана “Архитектура, курулуш, жол жана транспорт боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Өскөнбай уулу |