Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги
XVII сессиясынын
2026-жылдын 23-январындагы №7
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүн “Казарман” коомдук фондусуна уюмдаштыруучу катары киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле «Казарман» коомдук фондун түзүү зарылдыгына байланыштуу Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 31.12.2025-жылдагы №01-16/6892 сандуу чыгыш катын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтү “Казарман” коомдук фондусуна уюмдаштыруучу катары киргизилсин.
2. «Казарман» коомдук фондусунун мүчөлүгүнө Атай айыл аймагынан Мейманбеков Нурбек Мейманбекович сунушталсын.
3. Токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана Атай айылдык кеӊешинин “Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Өскөнбай уулу |