Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги
XVII сессиясынын
2026-жылдын 23-январындагы №8
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынынКарл Маркс айылынын аталышын “Каба” айылына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” № 149 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө Жобосуна ылайык, Атай айыл аймагынын Карл Маркс айылынын тургундарынын элдик жыйынын чечимин угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын Карл Маркс айылынын аталышын “Каба” айылына өзгөртүү тууралуу 22. 01. 2026-жылдагы элдик жыйындын протоколу бекитилип, Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын Карл Маркс айылынын аталышын “Каба” айылына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Элдик жыйында каралган маселелердин негизинде тиешелүү иш кагаздарын жана керектүү документтерин бүткөрүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айылдык кеӊешинин “Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Өскөнбай уулу |