Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
Жергиликтүү кеӊеши
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 16- сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-апрели № 16-8
“Э.А.Усуповго жер тилкесин берүү маселесин кароо жөнүндө”
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Б.Алиевдин жана жер комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Жусуп Абдрахманов айыл аймагына караштуу Ананьево айылынын тургуну Э.А.Усуповго Ананьево айылынын башкы планы(Генплан) бекитилгенден кийин, 0,10га(10сотых) жер тилкеси мыйзам чегинде берүү жагы каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевке жана жер адис С.Эралиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, отун энергетика, туризм, курортту өнүктөрүү, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш. Кыштобаев