Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
Жергиликтүү кеӊеши
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 16- сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-марты № 16-10
“Турак-жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын алдына сметчик алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жана 39-беренесин жетекчиликке алып, ошондой эле Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Б.Алиевдин сунушун угуп, талкуулап, Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Турак –жай коммуналдык чарбасы, жайыт пайдалануучулар” муниципалдык ишканасынын алдына контрактык негизде сметчик адисин алуу жагы каралсын.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчы М.Б.Алиевке жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев