Загрузка документа…
ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
Жергиликтүү кеӊеши
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын
жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 16- сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-марты № 16-11
Социалдык маселелер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жана 39-беренесин жетекчиликке алып жана “Кыргыз республикасынын “Балдардын укутары жөнүндө” Мыйзамынын 4- беренесин, 5-беренесин жана 16-беренесин эске алуу менен ошондой эле Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 05-февралындагы райондук Балдар иштери боюнча комиссиясынын №5 протоколдук чечимин аткаруу максатында Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын аймагындагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн тизмесине кирген Ананьево айылынын Тыналиев көчөсүнүн №26 үйүнүн тургуну Жолдошбек кызы Заринанын: Урюкбекова Уулжан Эрнисовна 21.05.2020-жылы туулган, Урюкбекова Медина Эрнисовна 15.05.2022-жылы туулган жана Урюкбеков Кутман Эрнисович 15.09.2024-жылы туулган балдарын Ананьево айылындагы “Баластан” МЧББУна бекер баруу жагы айыл өкмөтү тарабынан камсыздандырылсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Б. Алиевге жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Н. Аттоевага милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөо жагы маданият, саламаттыкты сактоо, билим берүү, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция жана дин маселеси менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төрага А.Ш.Кыштобаев