Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги
XVII сессиясынын
2026-жылдын 23-январындагы №9
Арал айылындагы техника токтоочу жайга тиешелүү 5000 м3 га жер тилкесине бөтөлкөдөгү ичүүчү суу заводун куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-беренесинин 15-пункттуна ылайык, Атай айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, жумуш орундарын түзүү жана инвестиция тартуу максатында, “Накта Суу” жоопкерчилиги чектелген коомунун мүдүрү Кудайбергенов Кубанычбек Тилегеновичтин 23.01.2026-жылдагы “Кайрылуу катын” угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын Арал айылында жайгашкан техника токтоочу жайга тиешелүү жалпы аянты 5000 м3 жер тилкесине бөтөлкөдөгү ичүүчү суу заводун курууга макулдук берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер тилкелесин пайдаланууда экологиялык, санитардык жана курулуш нормаларынын талаптарын так сактоо жагы “Накта Суу” жоопкерчилиги чектелген коомунун мүдүрү Кудайбергенов Кубанычбек Тилегеновичке сунушталсын.
3. Жер тилкелерин бөлүп берүү, мыйзам талаптарына ылайык келишим түзүү, каттоодон өткөрүү жана тешелүү документтерин толуктоо жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча” туруктуу комиссиясына жана “Архитектура, курулуш, жол жана транспорт боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Өскөнбай уулу |