Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги
XVII сессиясынын
2026-жылдын 23-январындагы №10
Атай айыл аймагынын, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу менен байланыштыруучу Кызыл-Октябрь участогу аркылуу өтүүчү 10 (он) чакырым жолду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин 22.01.2026-жылдагы № 01-12/190 сандуу чыгыш катын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу менен байланыштыруучу Кызыл-Октябрь участогу аркылуу өтүүчү 10 (он) чакырым жол Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кеңешинин “Архитектура, курулуш, жол жана транспорт боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Өскөнбай уулу |