Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги
XVII сессиясынын
2026-жылдын 23-январындагы №12
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга мүмкүндүгү (трансформациялоо) жөнүндө
2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну, 2024-жылдын 20-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, Торугарт-Жалал-Абад темир жолун жана анын инфраструктурасын куруу үчүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн “Райондун аймагындагы жер участокторун которуу (трансформациялоо)” боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 15-октябрындагы корутундусуна ылайык Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Торугарт-Жалал-Абад темир жол жана анын инфраструктурасын куруу үчүн 1-тиркемеге ылайык Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагында жайгашкан, жалпы аянты 23,1га жерлер “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Өскөнбай уулу |