Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги
XVII сессиясынын
2026-жылдын 23-январындагы №13
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагында турган трансформатордук подстанцияларды Тогуз-Торо райондук электр тармагынын балансына өткөрүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы трансформатордук подстанциялардын коопсуз иштешин камсыз кылуу, техникалык абалын кароо, тейлөө, оңдоо иштерин жүргүзүү жана электр энергиянын үзгүлтүксүз берүлүүсүн камсыз кылуу максатында Атай айылдык кеңешинин регламентинин 2-главасынын 2.1-пункттуна ылайык Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагындагы №5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жана №6 Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинин трансформатордук подстанциялары 16,0 чарчы метр жер аянттары менен кошо техникалык абалын кароо, тейлөө, оңдоо иштерин жүргүзүү жана электр энергиянын үзгүлтүксүз берүлүүсүн камсыз кылуу үчүн Тогуз-Торо райондук электр тармагынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Өткөрүп берүү-кабыл алуу актыларын түзүү жана мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча” туруктуу комиссиясына жана “Архитектура, курулуш, жол жана транспорт боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Өскөнбай уулу |