Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги
XVII сессиясынын
2026-жылдын 23-январындагы №14
Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
2018-жылдын 10-августундагы №90 “Кыргыз Республикасынын Салык эмес кирешелер жөнүндө” кодексинин 73-76-беренелерине ылайык, Атай айыл аймагында санитардык-экологиялык абалды жакшыртуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн чыңдоо максатында жергиликтүү бюджеттке түшө турган калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын өлчөмүн бекитүү боюнча Атай айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т.Бактыбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айылдык кеңешинин регламентинин 2-главасынын 2.2-пункттуна ылайык Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине түшө турган калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы №90 “Кыргыз Республикасынын Салык эмес кирешелер жөнүндө” кодексинин 24-главасынын 76-беренесине ылайык:
- Жеке жактар - ишкердик иш үчүн багытталбаган турак жай курулуштарынын ээлери ар бир жашоочу үчүн 5 (беш) сом өлчөмүндө;
- Жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери ар бир жумушчуга 100 (жүз) сом өлчөмүндө;
- Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн ишканалар жана мекемелерде эмгектенген ар бир жумушчуга 100 (жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Тогуз-Торо райондук салык башкармалыгына эсеп берүү жана төлөө мөөнөтү 2026-жылдын 1-апрелине чейин белгиленсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана Атай айылдык кеӊешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Өскөнбай уулу |